• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кулматов/Ибраимов: Соттук отурум кайра жылдырылышы мүмкүн

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда бүгүн, 11-июнь күнү мурунку калаа башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун жана 10 айыпкердин иши каралууда.

Отурумдун жүрүшүндө айрым жактоочулар жок экендиги маалым болду, ага байланыштуу соттук отурум башка күнгө жылдырылышы мүмкүн.

Ошондой эле айыпталуучу тарап эки ишти бөлүүнү өтүнүүдө. Судья жарым сааттык танапис жарыялады.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий