Кулматов менен Ибраимовдун иши. Калыс-Ордого салынган мектептен келтирилген зыян 94 млн сомду түздү – эксперт

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.10.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда бүгүн, 18-октябрь күнү борбор калаанын мурдагы эки мэри Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов жана дагы 10 айыпталуучунун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын Комплекстүү комиссиялык-курулуш техникалык экспертизасынын эксперти Карыпбек Сагынбаев кайрадан сурак берди.

Сурак алуунун жүрүшүндө эксперт билдиргендей, Калыс-Ордодогу мектепте эксперттик курулуш жана техникалык экспертиза жүргүзүп, жыйынтыгында мамлекетке 94 млн сомдук зыян келтирилгендиги тастыкталган. Эксперт баса белгилегендей, ал жерде кереги жок иштер жүргүзүлгөн жана курулуштун баасы негизсиз жогорулатылган.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий