• 86.8
  • 91.06
  • 0.82

Кулубаев "БА – Кытай" форматындагы ТИМ башчыларынын V жолугушуусуна катышат

Саясат 0

Бишкек, 30.11.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Борбордук Азия – Кытай" форматындагы тышкы иштер министрлеринин бешинчи жолугушуусуна катышат.

Ведомстводон маалымдашкандай, саясий иш-чара 1-декабрында Кытай Эл Республикасынын Чэнду шаарында өтөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык кызматташуу жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы көп вектордуу өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланат.

Негизги темалардын бири 2025-жылы Казакстанда өтө турган "Борбордук Азия – Кытай" экинчи саммитине даярдыкты талкуулоо болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий