• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кулубаев Экономикалык кызматташтык уюмунун башкы катчысы менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) башкы катчысы Асад М.Хан менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы сайсий ведомсвосунан билдиришкендей, жолугушуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында орун алды.

Жээнбек Кулубаев маектешин ЭКУнун башкы катчысы кызмат ордуна шайланышы менен куттуктап, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар, Кыргыз Республикасы менен ЭКУнун көп тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык, каржылык, энергетикалык, туристтик жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдүн алкагында өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ЭКУнун чоң потенциалга ээ экендигин белгиледи. Атап айтканда, КР Тышкы иштер министрлигинин башчысы ЭКУ мейкиндигинде ресурстардын, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин жүрүүсүн камсыз кылуучу, ошондой эле Перс булуңунун жана Араб деңизинин деңиз порттору менен Борбордук Азия өлкөлөрү менен байланыштыруучу транзиттик-транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде, Асад М.Хан Кыргызстандын ЭКУнун аймактык иш-чараларына активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле 2024-жылы Тегеран шаарында боло турган ЭКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына кыргыз тарап жогорку деңгээлде катышып берет деген ишеничте экендигин маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий