Кулубаев Европа биримдигинин БА боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстанжана Европа биримдигинин кызматташтыгынын абалын жана келечегин, үстүбүздөгү жылдын 2-3-июнунда Чолпон-Ата шаарында өткөн Европа кеңешинин жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусунун жана Европа кеңешинин президенти Ш.Мишелдин Кыргызстанга расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты арттыруу боюнча келечектеги пландарды талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев коопсуздук чөйрөсүндө, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн, ошондой эле Европа биримдигинин Кыргызстандагы долбоордук-программалык ишмердигин мындан ары ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы өнөктөштүктү жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү максатында макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга даярдыгын ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий