• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кулубаев: Казакстан Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш жана маанилүү союздаш

Саясат 0

Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Казакстан Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш жана маанилүү союздаш өлкө болуп эсептелет. Бул тууралуу Бишкекке иш сапары менен келген казак кесиптеши Мурат Нуртлеу менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Казакстан менен достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.

“Бул сапар кыргыз-казак мамилелеринин жаңы барагы болоруна терең ишенем”, - деди Кулубаев.

Пикир

Оставить комментарий