• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кулубаев Нью-Йоркто “Келечек саммитинин” алкагында өтүп жаткан интерактивдүү диалогго катышты

Коом 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарында "Келечек саммити" иш-чарасынын алкагында өтүп жаткан "Эл аралык тынчтыктын жана коопсуздуктун таламдарында көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо" интерактивдүү диалогуна катышты.

ТИМден билдиришкендей, Жээнбек Кулубаев дүйнөлүк коомчулукту эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелери боюнча көп тараптуу диалогго жана кызматташууга чакырды.

Ошондой эле ТИМ башчысы жолугушуунун катышуучуларын тоолорду туруктуу өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсү жана коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык демилгелери менен тааныштырды.

Жээнбек Кулубаев ошондой эле БУУга мүчө-мамлекеттерди 2027-2028-жылдарга карата БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өтө турган шайлоодо Кыргызстанды колдоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий