Кумтөр акыркы 2,5 жылда Кыргызстанга 300 млн доллар киреше алып келди

Өкмөт 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. "Акыркы эки жарым жылда биз Кумтөр кенинен 300 млн доллар көлөмүндө киреше алдык", - деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн форумда.

Анын маалыматына караганда, мамлекеттик активдер 2015-жылы 310 млрд сомду, 2020-жылы 420 млрд сомду түздү, же 5 жыл ичинде 1,5 эсеге өстү. Азыр мамлекеттик активдер 824,2 млрд сомду түзүп, акыркы 3 жылда эки эсеге өскөн.

"Бул жетишкендиктерге коррупцияны жоюу да себеп болгон. Анын негизги "оорусу" Кумтөр болчу. 1994-жылдан 2021-жылдын май айына чейин "Кумтөрдөн" түшкөн дивиденддер 100 млн долларды түзсө, акыркы эки жарым жылда 300 млн доллар киреше таптык. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата биздин үзүрлүү ишибиздин негизинде "Кыргыз Республикасынын финансы тармагында жаңы доор келди" деп ишенимдүү түрдө билдиребиз", – деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий