• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

“Кумтөр Голд Компанинин” президенти менен FLSmidth вице-президенти кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов FLSmidth компаниясынын Борбордук жана Түндүк Африка боюнча вице-президенти Алексей Кутилин менен кызматташуу маселелерин талкуулады.

"Кумтөр" компаниясынан билдиришкендей, Алмазбек Барыктабасов FLSmidth компаниясынын тоо-кен тармагы үчүн заманбап жабдууларды жеткирүү, өндүрүштүн көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн акыркы технологиялык чечимдерди ишке ашыруу сыяктуу багыттардагы сунуштарын кылдат карап чыгаарын айтты.

Өз кезегинде Алексей Кутилин FLSmidth менен "Кумтөр Голд Компанин” буга чейинки кызматташтыгы жемиштүү болгондугун, мындан ары дагы компаниялар ортосундагы мамилени жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бир катар тармактар боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашты. Жолугушуу “MINEX Central Asia 2024” X тоо-кен - геологиялык форумунун алкагында өттү.

Маалымат үчүн: FLSmidth – башкы кеңсеси Копенгагенде (Дания Королдугу) жайгашкан трансулуттук компания. 1882-жылы 2-январда негизделген бул компания тоо-кен өнөр жайы үчүн түрдүү технологияларды жеткирген жана технологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн баардык түрүн аткарган, экологиялык таза өндүрүшкө басым жасаган өз тармагынын лидери.

Пикир

Оставить комментарий