• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кумтөрдөн чыккан желим калдыктар Жети-Өгүздөгү жаңы ачылган заводдо иштетилет

Коом 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында желим калдыктарды кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүүгө жардам берди.

Аталган компаниядан билдиришкендей, Кумтөр кенинде чогултулган жана сорттолгон бардык желим калдыктары ушул жерден кайра иштетилет. Ишкана үчүн заманбап жабдуулар Беларуста чыгарылган. Кумтөр аны сатып алууга жана Кыргызстанга жеткирүүгө жардам берди.

“Заводдун негизги максаты Ысык-Көлдүн экологиясын сактап калуу. Ишкана саатына 200 килограммга чейин сырьёну иштете алат. Азырынча бул жерде 12 адам эмгектенсе, жакында жумуш орундарын 30га жеткиребиз. Кайра иштетилген сырьедон жемиш кутучаларын чыгарууну пландап жатабыз. Биздин аймакта өрүк, черешня жана алма бактар көп. Мындай продукция бул жерде талап кылынат”, - дейт ишкананын жетекчиси Айбек Сарыбаев.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар үчүн таштандыларды өзүнчө чогултуу боюнча окуу программасы иштелип чыккан. Учурда Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда таштандыларды сорттоочу атайын урналар орнотулууда. Алар эң көп жүргөн көчөлөргө жана пляждарга жакын жерге жайгаштырылат.

“Кумтөр, жергиликтүү бийлик органдарынын жана коомдук уюмдардын биргелешкен долбоорунун дагы бир максаты – аймактын курч экологиялык көйгөйлөрүнө, анын ичинде таштандыларды кайра иштетүүгө байланышкан көйгөйлөргө тургундардын көңүлүн буруу. Эл ойлоно баштаса, акырындык менен таштандыларды түрү боюнча бөлүүгө көнө башташат. Анын үстүнө экологдор да иштеп, таштандыларды иштетүүнүн кемчиликтерин жеринде аныкташат, - дейт катуу таштандыларды кайра иштетүү долбоорунун жетекчиси Саламат Маданбеков.

Кумтөр адамдарды экологиялык ой жүгүртүүгө жана иш-аракет кылууга түрткү берүүгө багытталган ар кандай экологиялык долбоорлорду Ысык-Көл облусунда эле эмес, өлкөнүн башка аймактарында да колдойт.

Пикир

Оставить комментарий