• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кумтөргө ак куулар кайтып келди – видео

Аймак 0


Бишкек, 23.04.24./Кабар/. Кумтөр кен жайындагы деңиз деңгээлинен 3630 метр бийиктикте жайгашкан көлмөлөрдүн бирине Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү ышылдак ак куулар жана боз каздар кайтып келишти.

"Кумтөр" компаниясынан билдиришкендей, Кумтөр кен жайында мындай канаттуулардын кайрадан пайда болушу – бул жактагы алтын өндүрүү ишинде экологиялык талаптар жогорку деңгээлде сакталып, өндүрүштүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин болушунча минималдаштырууга жасалган аракеттер оң натыйжа берип жаткандыгынын дилили.

Канаттууларга тоскоолдук жаратпоо үчүн кендин адистери ак куулар менен боз каздар байкалган көлмөнүн айланасын курчоого алып, унаалардын өтүшүнө чектөө коюшкан.

Белгилей кетсек, Кумтөр кени жаңыдан иштеп баштаганда аталган канаттуулар кен жайындагы көлмөлөрдү байырлаганы белгилүү.

Пикир

Оставить комментарий