Куралбек Абдыкадыров Нарын облустук сотунун төрагасы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Бүгүн Абдыкадыров Куралбек Амантаевич Нарын облустук сотунун төрагасы кызматына беш жылдык мөөнөткө дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кол койду.

Базарбеков жаңы дайындалган төраганы куттуктап, ишти мыйзамдын талаптарына ылайык так жүргүзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий