Курултай өткөрүүгө депутаттардын макулдугу талап кылынбайт. Президент бийликтин жалгыз булагы катары эл менен жолугушууга бара жатат.
Дайыма нааразы болгондор категориясындагы бир катар саясатчылар Элдик курултайды чакыруу боюнча президенттин демилгесинин маңызын толук түшүнбөй жаткандай. Эксперттер жана коомдук активисттер парламент тиешелүү мыйзамды кабыл ала албай калганда айрым депутаттардын коомго пайдасын тийгизип, өлкөгө кызмат кылууда натыйжалуу жана жөндөмдүүлүгүнө күмөн саноолор пайда болгонуна көңүл бурушат. Айрымдар балким элдик чогулуш жарандардын кызыкчылыгын жогорку саясий деңгээлде көрсөтүүнүн кеңдиги жана тереңдиги боюнча Жогорку Кеңешке атаандаш болот деп коркуп жаткандыр. Анткени курултайды ийгиликтүү өткөрүү көптөрдү бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы жарандардын ишенимин актай алабы дегендин үстүндө ойлонууга мажбурлайт.
Бирок, талаш-тартыш менен катар Элдик курултайга даярдык жүрүп жатат. “Кабар” маалымат агенттигинин маектештери белгилегендей, депуттардын токтотуу процессин күтүп отура берүүгө болбойт. Президенттин жарандар менен туруктуу жолугушуу өткөрүп туруусуна кимдир-бирөөлөрдүн макулдугу талап кылынбайт. Мамлекет башчысы Элдик курултайды чакыруу жөнүндө жарлык менен гана чектелбестен, ал боюнча убактылуу жобону бекитти, ал бириктирилген мыйзам долбоору иштелип чыкканга чейин гана күчүндө болот жана бул иш парламент менен биргелешип жүргүзүлмөкчү.
“Курултай – бул чечимдерди жаматтык кабыл алуунун көп кылымдардан бери келе жаткан салты. Элдик кеңеш эч кимдин макулдугун талап кылбайт. Президент каалаган учурда каалаган маселеде бийликтин жалгыз булагы катары элге кайрыла алат. Бул үчүн кандай мыйзамдар керек? Бул ачык жана мүмкүн болушунча тез-тез жүргүзүлүшү керек. Бул оппозиция олтурупалып эле интригаларды жасап атат. Эми биз аракет кылышыбыз керек, калк эмнени каалап жатканын түшүнүшүбүз керек, бул үчүн катышуучулардын тизмеси кеңейтилди. Ачык пикир алмашуунун натыйжасында Кыргызстандын келечектеги өнүгүү планы түзүлүп, артыкчылыктуу багыттар так белгилениши мүмкүн. Курултай милдеттерди гана койбостон, аны чечүүнүн жолдорун да белгилейт. Бул Кыргызстандын саясий жетекчилигине шайлоочулардын кандайдыр бир мандаты болот. Эмне үчүн депутаттар өлкө үчүн маанилүү бул процесстен четтеп калышты жана алар эмнени каалап жатышат – мен чындап түшүнбөйм. Курамы чабал экени көрүнүп турат, стратегиялык ой жүгүрткөн адамдар барбы?”, - деп суроо узатат укук коргоочу Токтайым Үмөталиева.
90-жылдардагы демократиялык жараяндардын башатында турган “Ашар” кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Акылбек Сеитов буга чейинки бардык бийликтердин катачылыгы парламенттин артына жашынып, жарандар менен түз диалогдон качкандыгын баса белгиледи. Азыр баары тескери болуп, бул эң туура сигнал, президент эл менен ортомчусуз байланышкысы келип жатат.
"90-жылдары СССРде демократия орной баштаганда жүрүп жаткан “кайра куруу жана жаңылануу” саясатынын натыйжасында балким кыргыз эли бул процесске эң активдүү катышкандыр. Ал кезде дал ушул курултай институту жарандардын турак-жай көйгөйүн бирдиктүү чечүүнү иштеп чыгуу механизми катары колдонулган. Жарандар өз алдынча уюшулуп, жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча бийликке конструктивдүү сунуштарын беришкен. Натыйжада радикалдашуусуз ыктыярдуу кыймылдар түзүлүп, эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болушкан. Кырдаал жөнгө салынып, бүтүндөй өлкөнүн позитивдүү өнүгүүсүнө, атап айтканда, курч турак жай проблемасын чечүүгө негиз түзүлгөн.
Талаш эмнеде? Президенттин тиешелүү жарлыгы чыккандан кийин ал аткарылышы керек. Сындоо ар дайым аткаруудан оңой. Ийгиликтүү өнүгүү үчүн коом консолидация, тынчтык жана ынтымакка муктаж", - деп баса белгиледи Акылбек Сейитов.
Баса, эксперттер белгилегендей, курултайга катышуучуларды тандоо механизми депутаттарды шайлоого караганда абдан демократиялуу, андан да ачык. Жакынкы күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында делегаттарды шайлоо өтөт. Жер-жерлерден алынган маалыматка караганда, процесс бир топ активдүү жүрүп жатат, коомчулук президенттин курултай чакыруусун туура кабыл алды.
Пикир
Оставить комментарий