Элдик курултай маанилүү институт. Курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болуп, коомду түйшөлтүп турган маселелер жер-жерлерден шайланып келген делегаттар тарабынан бийликке жеткирилет.
Биринчи курултайда президент Садыр Жапаров мектеп, бала-бакча сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрбөөнү суранган. Анткени, бул ансыз деле аткарыла турчу иш экенин айтып, буга убакыт коротпой, ордуна башка маселелерге токтолууну сунуштаган:
“Бул сөзсүз түрдө министрлер кабинетинин, аким, губернатор, министрлердин иши. Булар ансыз деле аткарылышы керек болчу. Бирок, бизде 30 жылдык тажрыйба көрсөтүп жатат. Эл көтөрсө деле булар аткарбайт да. Ошон үчүн протокол түзүлүп, буларга расмий түрдө берилген. 15-декабрда министрлер кабинети 4000 сунуштун канчасы аткарылды отчет берет. Отчет бере албаса, курултайчылар чогулуп туруп, добушка салып туруп кетсин деп койсо дагы болот да. Кетире албайт, бирок сунуш берет. Айрым начар иштеген министрлерди кетсин деп жыйынтык чыгарса дагы болот”, - деген президент.
Мындан улам былтыркы Элдик курултайда башка тармактардагы көптөгөн маселелер көтөрүлүп, алардын ичинен эң орчундуулары;
2023-жылдын, 20-21-декабрь күндөрү өткөн II Элдик курултайда көтөрүлгөн маселелер, делегаттар тарабынан берилген сунуштар ишке аштыбы деген суроо туулат. Андан бери туура бир жыл убакыт өттү. Курултайдын өтүшүнүн өзү, тактап айтканда жер-жерлердеги калкты түйшөлткөн маселелердин бийликке жетиши жакшы көрүнүш. Бирок, берилген убадалардын ишке ашып, айтылган маселелердин аткарылышы бул - прогресс. Эми, дал ошол былтыр өткөн курултайда айтылган маселелердин ишке ашып-ашпаганына саресеп салып көрөлү.
Бир гана курултайдын эмес, жалпы өлкөнүн эң орчундуу көйгөйүнө айланган- мамлекеттин мүлктөрүн менчиктештирүү маселеси көпчүлүктү түйшөлтүп, ал тургай элдин кыжырын да кайнатып келген. Кыргызстанда акыркы 4 жылда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштер активдүү жүрүүдө. Себеби союз тарагандан тарта колунда акчасы же кызматы бар, айтор колу жеткендин баары гектарлаган жерлерди, автобекеттерди, базарларды, жер тилкелерин, завод, фабрика жана бала бакчалар сыяктуу мамлекеттик объектилерди жеке менчигине өткөрүп алуу адатка айланган. «Эптеген эки жейт» болуп, баягы эле байлар байып, карапайым калк эптеп күн өткөрүп, ал эми мамлекет казынаны толтура албай, мындан улам сырттан карыз алып күн кечирип келгени жашыруун эмес. Акыркы жылдары дал ошол менчиктештирүү деген түшүнүктүн терс кесепеттери жоюлуп, кезинде мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мамлекеттик объектилер массалык түрдө мамлекеттин балансына кайтарылып жатканына жалпы журт күбө. Бул кадам мамлекеттин коррупцияга каршы күрөшүү аракеттеринин жана мыйзамсыз менчиктештирүү учурларын карап чыгуу аракеттеринин алкагында жасалууда.
Статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, 2023-жылга чейин 7363 объекттер мамлекетке кайтарылган:
Аны менен катар, өлкөдө кезинде мыйзамсыз менчиктештирилген базарлар да оголе көп. Алсак, ири базарлардан Бишкектеги "Дордой" , «Сары-Өзөн Дыйкан» базары, "Ош", базарларынын айрым бөлүктөрү, “Старый толчок”, "Евразия", “Баткен-комфорт”, “Кара-Суу” “Ак-Тилек”, Кербен шаарындагы базар, Өзгөндө 470 млн. сомго бааланган базар, Жалал-Абад шаарынын борбордук базары «Шабдалы-Зар», Бишкектеги «Оберон» жана «Оберон-Форт» базарлары жана башка бир катар базарлар мамлекеттин менчигине кайтарылды. Андан сырткары миңдеген жер тилкелери, стадиондор, мал базарлар жана бала бакчалар мамлекеттин балансына күн сайын өтүүдө.
Бул боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев: “Мурдагы башаламан заманда кɵптɵгɵн ишканаларды, элдин, мамлекеттин байлыгын арзан акчага сатып алып же эптеп-септеп, коррупциялык жолдор менен менчиктештирип, кɵптɵрʏ бай болуп жʏрʏшөт. Ошолордун баарын тартипке салабыз. Ал элдин байлыгы. Жʏз миңдеген, миллиондогон элдин байлыгын бир адам же беш адам басып алып отурат. Алардын бардыгын кайтарабыз”, - деп айтканы бар.
Ошондой эле, Камчыбек Ташиев мындай иш-аракеттер башталганы ɵлкɵ башчысына жана УКМК тɵрагасына белгисиз адамдардан коркутуу каттары келип жатканын айткан.
«Бирок биз коркуп калбайбыз, артка чегинбейбиз, мыйзамсыздык боюнча кʏрɵш токтобойт” деп жеке менчикке мыйзамсыз ɵтʏп кеткен мʏлктɵрдʏн бардыгы мамлекетке кайра кайтарыларын эскертен.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнү күндө өлкөдө 2000ге чукул бала бакча бар. Өткөн жылы жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчаларынын имараттарын мамлекетке кайтаруунун алкагында 243 обьект мамлекетке өткөн.
Бир эле мисал келтирсек, кезинде жеке жактарга өтүп кетип түнкү клуб, сауна, сулулуулук салону катары катары иштеп келген Бишкек шаарындагы №59 “Баластан” бала бакчасы мамлекетке өтүп, кайрадан бөбөктөргө эшигин ачты. Мындай мисалдар жер-жердерде миңдеп саналат.
Аны менен катар, жүргүнчүлөрдү тейлөө жаатында дагы бир топ алгылыктуу иштер аткарылып, менчикке өтүп кеткен автобекеттердин бир далайын мамлекетке кайтарылып, азыр дагы уланып жаткан учур. Алсак, Токтогул, Кочкор, Ноокат, Өзгөн, Алай, Токмок, Балыкчы ж.б. бир топ автобекеттер мамлекеттин балансына өттү.
Ал эми, Кеминдеги 353 гектар жер мамлекетке кайтарылып, президент Садыр Жапаров ал жерге 100 миңден ашык үй-бүлөгө ипотекалык үйлөр курулаарын билдирди.
Демек, мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү кайтарууда өлкө казынасына миллиарддаган киреше түшүүдө. Бул дагы чек эмес.
Былтыр өткөн Элдик курултайда көтөрүлгөн орчундуу маселелердин бири Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Акташ айылынан келген Абдикарим Бекмурзаев Өзбекстандын аймагында калган Барактыктардын көйгөйүн айтып, айыл өкмөт тарабынан 11 гектар жерди жасалма кол коюу менен мурдагы айыл өкмөт ээлеп жатканын билдирген.
Садыр Жапаров чек арадагы айылдар ар дайым өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда экенин белгилеп, ал жерге жаңы айылдын түптөлүшүнө старт берген. Арадан бир жыл убакыт өтүп-өтпөй, Кара-Суу районундагы айыл өкмөтү тарабынан мыйзамсыз ээленип турат деген 11 гектар жерге дагы жер кошуп, жалпы 38 гектар жерге бирдей үлгүдө салынган 101 турак үй бардык керектүү шарттары менен салынып, Өзбекстандын аймагында калган Барак эксклавынан көчүрүлүп келген элге берилди.
Жаңы айылдын ачылышына президент Садыр Жапаров катышып, айылдын ачылышы жалпы кыргыз эли жана өлкө үчүн өтө маанилүү жана кубанычтуу күн болуп жатканын айткан.
“Эң негизгиси, эл жыргал жашоодо жашаса бизге ошол бакыт. Ушул үйлөрдүн жанына көп кабаттуу үйлөрдү да салабыз, жакында иштер башталат. Батирлерди бир үйдө жашап жаткан бир нече үй-бүлөлөргө ипотека аркылуу 20-25 жылга берилет”, — деди айылдын ачылыш аземине катышкан Садыр Жапаров.
Ар бир үйгө суу киргизилип, жалуулук системасы орнотулган. Мындан тышкары саркынды сууларды тазалоочу жай да курулганы айтылат. Айылдын батыш тарабындагы эки чакырым жолго асфальт, ички жолдорго шагыл төшөлгөн. Учурда мечит менен ФАПтын имараты курулуп жатат. Бала бакча, мектеп, сейил багы, футбол талаасы бар. Андан тышкары айдоо аянтчалары бөлүнгөн.
Мына ушундай окурман. Курултайда айтылган маселелер иш жүзүндө аткарылып, ал менен эле чектелбей, ар тармакта алга жылуу орун алып жатканы байкалат. Эми жылдын аягында өтө турган үчүнчү Элдик курултайда да максаттуу көйгөйлөр көтөрүлүп, алардын жыйынтыгы көпкө күттүрбөй иш жүзүнө ашат деген үмүт чоң.
Диана Айдарова, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий