Бишкек, 21.12.24. /Жазгүл Мадинова - Кабар/. Кочкор-Ата шаары аймактык-административдик реформадан куру калды. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан курултайда Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынан делегат болуп келген Асан Нусупбеков билдирди.
Ал республика боюнча шаарларда аймактык-административдик реформа жүрүп, өнүгүү жолуна түшкөнү менен Кочкор-Ата шаары артта калып жатканын айтты.
“Шаарда болгону 396 гектар жер бар. 2 жарым миңге жакын адам жер алуу үчүн кезекте турат. Ипотекалык үй салууга жер жок. Бул маселени чечүү үчүн Кочкор-Атанын жанындагы кошуна Рахманжан айылынын жерин кошуп берсеңиздер жакшы болот эле. Биз бул жерге ипотекалык үйлөрдү куруп маселе чечүүгө мүмкүн болор эле”- деди делегат.
Ал мындан тышкары, таза суу маселесин көтөрүп, шаардагы суу түтүкчөлөрү авариялык абалга келгенин жана аларды алмаштыруу зарылдыгы турганан белгиледи.
Делегаттын айтымында, маселени чечүү үчүн “Кыргызнефтегаз” ишканасы тарабынан атайын долбоор иштелип чыккан. Анын сметалык баасы 792 млн сомду түзөт.
Ал каражатты шаарларга бериле турган 1 млрд сомдун эсебинен бөлүп берүүнү суранды.
Пикир
Оставить комментарий