Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүнөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн калаадагы Токтогул көчөсүнүн №172 дарегинде жайгашкан жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүнөн өрт чыккан. Өрт таңкы саат 06:18де чектөөгө алынып, 09:59да толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен 1000 чарчы метр курулуш материалдары күйгөн.
Жалпысынан өрттү өчүрүү үчүн 4 өрт унаасы тартылган.
Пикир
Оставить комментарий