Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Ашар көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батир мамлекеттин кирешесине алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызматтан белгилешкендей, 20 сотых жер тилкесин мыйзамсыз алуу фактысы аныкталып, учурда ал жерге социалдык, маданий-тиричилик объектилери, жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 10 кабаттуу турак жай курулуп жатат.
Белгилегендей, жер тилкелерин алгач жеке адамдарга берүү учурунда мыйзам бузуулар болгон.
Мындан улам, колдо болгон материалдарды колдонуу менен курулуш компаниясы курулуп жаткан имараттан жалпы аянты 897 чарчы метр (баасы 89 млн 367 миң сом) 15 батирди мамлекетке өткөрүп берди, аталган үйлөрдүн курулушун аяктоо 2027-жылдын 1-жарым жылдыгына пландаштырылган.
Азыркы учурда УКМК тарабынан мамлекеттик мүлктү жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз өткөрүп берүү жана сатып алуу сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иштер улантылып, укукка каршы жосундарды жасоого көмөк көрсөткөн кызмат адамдары жана башка адамдар такталууда.
Пикир
Оставить комментарий