• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Курулуш тармагындагы өсүш. Жылдын биринчи жарымында иштин көлөмү 44,5%га өстү

Экономика 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын курулуш тармагы өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы жылдын январь-июнь аралыгында 44,5%га өстү. Мындай статистиканы Евразия экономикалык комиссиясы чыгарды.

Маалыматка ылайык, биринчи жарым жылда Кыргызстандын курулуш тармагы жакшы көрсөткүчкө чыкты. Белоруссия жана Казакстанда 8,6%, Россия Федерациясында 3,9% түзсө, ал эми Арменияда 2,1% түзгөн.

ЕАЭБде 2024-жылдын январь-июнунда аткарылган курулуш иштеринин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5% көбөйгөнү белгиленди.

ЕАЭБге кирген мамлекеттерде 2024-жылдын январь-июнунда турак жайды пайдаланууга берүүнүн көлөмү 2023-жылдын ушул мезгиле салыштырмалуу 2,6% өскөн. Ошол эле учурда Арменияда 79,6%, Кыргызстанда 24,3%, Россияда 2,5% жана Казакстанда 1,0% өсүш байкалууда. Ал эми Беларусияда 4,1% төмөндөө катталган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргыз ССРинде 1985-жылы 1096 миң чарчы метр, 1990-жылы 1560 миң чарчы метр турак-жай имараттары пайдаланууга берилип, бул эң жогорку көрсөткүч болгон. Ал эми 2023-жылы 1587,5 миң чарчы метр турак-жай имараттары пайдаланууга берилип, советтик мезгилдеги эң жогорку стандарттардан ашты.

Пикир

Оставить комментарий