Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму куш тумоосунун калк үчүн коркунучу төмөн деп баалоодо. Бул тууралуу Еuronews кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, АКШда куш тумоосунан адамдын каза болгон бир учуру кабарлангандан кийин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму калк үчүн илдеттин коркунучу “төмөн” экенин билдирди.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун басма сөз катчысы Маргарет Харристин пикиринде, ооруну чакырган H5N1 вирусу көбүнесе мал чарбачылыгында эмгектенгендерге чабуул жасайт. Мындан улам бул адамдарга ишенимдүү коргоо керек.
"Вирус адамдар арасында жайылбайт, бирок үй канаттуулары же мал менен байланышта болгондо өтүшү мүмкүн. Биз анын туруктуу жайылышын көрө албайбыз”, - деди ал.
Ошондой эле Маргарет Харрис Луизиана штатында куш тумоосунан көз жумган жашы улгайып калган кишинин оорулары болгондугун жана үй канаттуулары менен да, жапайы канаттуулар менен да байланышкандыгын айтты.
Акыркы учурдан кийин АКШда агрардык чарбачылыкка карата көзөмөл күчөтүлүүдө. Европада өткөн жылдын күзүндө куш тумоосун жугузган учурлардын көбөйгөндүгү маалымдалган. Бирок көрсөткүч акыркы он жылдыктагы төмөн көрсөткүч болгону белгиленген.
Пикир
Оставить комментарий