Бишкектеги Кут конушунун маселелери көзөмөлгө алынды

Коом 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май акимчилигинде Кут жаңы конушунун активдери менен кезектеги жыйын болуп өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев шаардыктар менен бетме-бет баарлашты.

Ленин районунун Биринчи Май районуна бекитилип берилген «Ново-Павловка 100 гектар» аймагын өткөрүп берүү конуш жашоочуларынын көйгөйү бойдон калууда, тургундар тарабынан жашылдандыруу, электр энергиясы, суу маселеси боюнча бир катар орчундуу суроолор да айтылды.

Биринчи май районунун акими буга чейин турак жай аймагынын статусун бекитүү боюнча токтомдун долбоору даярдалып жөнөтүлгөнүн, ал Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында карала турганын билдирди.

Ошондой эле, жетекчи бул маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана чечилерин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, үч айдын ичинде Кут конушунда эки электр жабдыгын (КТП) орнотуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий