Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Чүй облусунун Татыр капчыгайында машыгуу өткөрдү.
ӨКМден билдиришкендей, 25 куткаруучу катышкан машыгууда тоо шартында куткаруу иштерин жүргүзүүдө тажрыйбасын жогорулатып, тоо кырсыгында калган жарандарды куткарууда алгачкы жардам көрсөтүү боюнча куткаруучулардын ыкчам аракети жана күжүрмөн даярдыгы текшерилди.
Пикир
Оставить комментарий