Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. 27-январда Ауэзов көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 2015-жылы туулган А.А. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, учурда куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүрүүдө. Бирок азырынча натыйжа жок.
Кызды издөө иштери бүгүн, 28-январда улантылат.
Пикир
Оставить комментарий