Куткаруучулар Төө-Ашууда унаасы бузулуп калган жаранга жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Куткаруучулар Төө-Ашууда унаасы бузулуп калган жаранга жардам көрсөттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдришкендей, Бишкек – Ош унаа жолундагы К.Көлбаев атындагы Төө-Ашуу туннелинде унаасы бузулуп калган жаран куткаруучулардан жардам сурап кайрылган. Аталган дарекке нөөмөттө турган 3 куткаруучу тартылган.

Айдоочунун жүрбөй калган унаасы куткаруучулар тарабынан ашуунун түштүк тарабына тартып чыгарылган. Ал жаран Бишкек – Баткен багыты боюнча бара жаткан.

Пикир

Оставить комментарий