• 87
  • 90.41
  • 0.84

Санариптик өнүктүрүү министри паспорт алмаштырууга онлайн арыз берүү процессин көрсөттү

Коом 0


Бишкек, 15.11.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу ID-паспортторду алмаштыруу боюнча онлайн арыз берүү процессин журналисттерге көрсөтүп берди.

Министр белгилегендей, мобилдик тиркеме аркылуу ID-паспорт алууга мурда паспорт алган, биометрикалык маалыматтары топтолгон жарандар чөнтөк телефондорунун жардамы менен арыз берип, алмаштыра алышат.

“Жарандарыбыз бүгүндөн тарта Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу паспорт алмаштырууга арыз бере алышат. Көп эмгек жана убакытты сарптоо менен ишке ашкан жаңы сервис жарандарга документтерди тапшыруу үчүн калкты тейлөө борборлоруна барууга муктаж болбостон, паспортун алмаштырууга мүмкүндүк берүү менен процессти кыйла жөнөкөйлөтөт”,- дейт Кутнаева.

Пикир

Оставить комментарий