Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ботаникалык бакчасынын базасында KOPIA агенттиги "Айыл чарба демонстрациялык талаасын" түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз улуттук университети жана KOPIA агенттиги тарабынан меморандумга кол коюлду. Бул тууралу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул долбоордун алкагында айыл чарба продукцияларын изилдөө боюнча биргелешкен жана координацияланган кызматташууга багытталган республиканын студенттери жана фермерлери үчүн демонстрациялоо жана окутуу иш-чаралары жүргүзүлөт.
Кошумчалай кетсек, түзүлгөн демонстрациялык талаанын негизинде быйыл корей технологияларын колдонуу менен заманбап күнөскана куруу пландалууда.
Бул демонстрациялык талаанын түзүлүшү Кыргыз Республикасындагы KOPIA борборунун бюджетинен гана эмес, Корея Республикасынын эл аралык башка уюмдары менен биргеликте көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга потенциал болот.
Пикир
Оставить комментарий