• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Кылычбек Рысалиев Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды

Коом 0

Бишкек, 15.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси алмашты. Кудрет Тайчабаров кызматтан кетип, анын ордуна Кылычбек Рысалиев дайындалды.

Аталган фонддон билдиришкендей, Кылычбек Рысалиев Президенттин алдындагы Башкаруу академиясын аяктап, башкаруу боюнча магистр даражасына ээ. Ал 2022-жылдан бери Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү фондунда иштеп, долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы, Фонддун долбоорлорун башкарууну жетектеген, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын башында эки ай бою Фонддун президентинин милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Маалымат үчүн: Туризмди өнүктүрүү фонду 2022-жылы ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу, аймактарда туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана алыскы аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүү максаты менен түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий