Ташкент, 25.10.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Учурда Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин жүргүзүп жаткан жакшы коӊшүчүлук, достук, улуттук кызыкчылыктарын урматтоо принциптери негизинде жүргүзүп жаткан адилеттүү саясатынан улам кылымдарды карыткан кыргыз-өзбек достугу жаӊы тарыхый деӊгээлге көтөрүлдү. Бул тууралуу "Мурас" фондунун төрагасы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымов Ташкентте өткөн "Жаңы Өзбекстанда маданият жана искусство тармагындагы реформалар" аттуу эл аралык форумдун алкагында “Кабар” агенттигинин кабарчысы менен болгон маекте билдирди.
Молдокасымовдун айтымында, анын тарыхчылык тагдырына кыргыз жана өзбек элдеринин тарыхый байланыштарын изилдөө буюруптур. Бул теманы мындан 35 жыл мурда өзбекстандык белгилүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Хамид Зияев сунуштап, жаш тарыхчыга илимий жетекчи болуп берген.
“Менин илимий жетекчим кыргыз-өзбек достугу, мамилелери тууралуу узак аңгеме куруп, Ташкенттеги Өзбекстан Борбордук мамлекеттик архивине ээрчитип келип, бул архивде эки элдин мамилелерине байланыштуу өтө көп маалыматтар бар экендигин айткан. Агайымдын кыргыздарга да өзгөчө сый-урматы бар эле. Анткени профессор Хамид Зияев 2-Дүйнөлүк согушта оор жаракат алып, аны Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун ревкомунун жетекчиси Иманалы Айдарбековдун кызы Рафа Айдарбеков дарылап, ажалдан алып калган экен. Агайымдын кеңеши менен Ташкенттеги архивде үч жылдай эмгектенип, эки элдин тарыхый мамилелери тууралуу өтө көп маалыматтарды топтоп, 1994-жылы “19-кылымдын экинчи жарымы, 20-кылымдын башындагы кыргыз-өзбек элдеринин тарыхый байланыштары” деген темада кандидаттык диссертациямды коргогом. Ошентип, эки элдин тарыхый байланыштары, мамилелери өтө бай экенине толук ынангам", - деди Молдокасымов.
Окумуштуунун баамында, кыргыз жана өзбек элдери бир аймакта аралаша жашап, бир дарыядан суу ичип, бир тилде сүйлөп, дини да, дили да, базары да, мазары да бир болуп, сырткы душмандарынан бирге коргонушуп, азаттык күрөштөрүнө чогуу чыгышып, табигат кырсыктарында жардамдашып, кубанычтарын тең бөлүшүп, кыз беришип, кыз алышып, той-аштарын чогуу өткөрүшүп, дайыма ынтымакта болуп келишкени менен өзгөчөлөнөт.
“Дүйнөнү дүңгүрөткөн аскер башчы Амир Темирдин мезгилинде, андан кийинки султан Бабурдун убагында, Жунгар хандыгынын баскынчыл доорунда кыргыз жана өзбек элдеринин мамилелери тереңдеп, 18-кылымдын башында биргелешип Кокон хандыгын чогуу түптөп, хандыктын 167 жыл доорунда бир мамлекетте бирге жашагандыгы, анын оорчулугу менен ийгилигинде да эриш-аркак болуп чогуу болгондугу тарыхта маалым. Кыргыздын чыгаан инсаны Алымкул аскер башчы 1865-жылы Ташкент шаарын Россия империясынын баскынчылыгынан баатырларча коргоодо курман болуп, сөөгү Ташкент шаарына коюлса, дагы бир чыгаан уулу Молдо Исхак-Полот хан Кудаяр хандын эзүүсүнөн элди куткаруу, орус аскерлеринин баскынчыларынан коргоо үчүн согушта зор эрдиктерди көрсөткөн. Полот хандын сөөгү да Маргалаңга коюлган. Аларды жалпы кыргыз, өзбек эли түп көтөрүлө колдоп, эркиндик үчүн күрөштө бирге болгон”, - дейт ал.
Кыяс Молдокасымов кыргыз жана өзбек калкы ортосундагы достук мамилелерин калыптанышы жана өнүгүшүнүн кызык тарыхый окуялары тууралуу кеп салды. Кошуна эки элдин карым-катнаштары акын, хафиздеринин жакын мамилесинен да көрүнүп турат. Азыркыга чейин кыргыздын атактуу акыны Токтогул Сатылганов менен өзбек элинин даңазалуу ашулачысы Молдо Тойчу Ташмухамедовдун жолугушканы, экөөнүн өнөр таймашы эл арасында аңыз катары айтылып келет. Белгилүү акын Барпы Алыкулов Фергана өрөөнүндө “Парпи хофиз” наамы менен даӊазаланып, той-тамашалардын көркү болгон.
Эки элдин мамилеси совет бийлигинин учурунда да бекемделген. Эки элдин жетекчилери Абдыкадыр Орозбеков менен Юлдаш Ахунбабаевдин, Усман Юсупов менен Исхак Раззаковдун жылуу мамилеси тууралуу узак сөз кылууга болот. Кыргыздын улуттук лидери, Компартиянын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Исхак Раззаковду Өзбекстан тарбиялап, жетекчи кылып жетилтип, анан Усман Юсуповдун сунушу менен Кыргызстанга жиберилгенин кыргыз эли сыймыктануу менен эскерип, айтып келет.
1985-жылдагы кайра куруу мезгилинде Өзбекстандын жетекчилигине эле эмес, өзбек элине Москва тараптан каралоо иштери башталганда кыргыздын чыгаан уулу, аалам жазуучусу Чыңгыз Айтматов көлөмдүү макаласы менен коргоп чыкканын унутууга болбойт.
Өзбекстандын бүгүнкү күндөгү лидери Шавкат Мирзиеев да кыргыздарга өзгөчө мамилеси менен таанымал инсан. Ал киши кыска убакытта эле чыныгы жолбашчы экенин көрсөтүп, Өзбекстанды өзгөртүүгө батыл киришип, өнүгүүгө кенен жол ачып бере алды. Ал ошол эле учурда кылымдар бою кошуна жашаган кыргыз элине өзгөчө урмат көрсөтөөрүн иш жүзүндө ырастады. Аны кыргыз эли туу туткан башкы нерселерине Шавкат Миромоновичтин жасаган мамилесинен даана көрө алдык.
Маселен, Өзбекстандын президенти өзүнүн кичи мекени болгон Жизак облусунда жайгашкан Манас айылын 45 күндүн ичинде жаркыратып, таптакыр жаңы шаарчага айландырып салды. Бул менен ал кыргыздар басымдуу жашаган бир эле айылга эмес, элибиз ыйык тутуп келген "Манасына" өзгөчө мамилесин, сый-урматын билдирди. "Манас" деген аталыштагы айылга жасаган мамилеси - бул бүтүндөй элибизге болгон кадырлоосу. Улуу дастаныбызга болгон сый-урматы.
Шавкат Мирзиёев кыргыздын салтына, анын ичинде акындык өнөрүнө мамилеси өзгөчө экенин 2017-жылы эки өлкөнүн жетекчилеринин Бишкектеги жолугушуусунда даана көргөздү. Бул жолугушууда кыргыздын таланттуу жигити, төкмө акыныбыз Идрис Айтбаевге достукту даңазалап ырдаганы үчүн алдына акыркы үлгүдөгү автоунаа, үстүнө үч бөлмөлүү батир тартуулады. Бул менен Шавкат Миромонович бир чети байыртадан берки салтты кармап, төкмө акыныбызды кур койбой өз белегин тартууласа, экинчиден, эң башкысы кыргыздын ыйык туткан төкмөчүлүк өнөрүнө өзгөчө сый-урматын ырастады.
Кыргызды ааламга даңазалаган талант ээси Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси Өзбекстанда өзгөчө маанайда, майрамдык шаң-шөөкөт менен белгиленди. Маараке жылында каршы-терши жүргөн, бак-шактуу Ташкенттин чоң көчөсүнө Чыңгыз Айтматовдун ысмы берилип, айкели орнотулду. Булардын бардыгы Өзбекстан президентинин тыкыр көзөмөлүнүн алдында, анын кабыл алган жарлыгынын негизинде ишке ашканын билебиз. Кыргыз эли туу туткан залкар жазуучуга жасаган өзгөчө мамилеси аркылуу Шавкат Мирзиёев жалпы улутубузга, мамлекетибизге болгон сый-урматын билдирди.
Кошуна эки өлкөнүн чек ара тилкелеринин такталышына, көп жылдар бою талашка түшүп келген оор, ары талылуу маселенин чечилишине да Шавкат Миромоновичтин орду өзгөчө. Учурда чек ара маселеси чечилип, эки өлкөнүн ортосунда бейпил турмуш орноду. Мурда чычкан өтө алгыс чекара жолдору ачылып, карым-катнаш чечилди.
“Быйыл Өзбекстанга экинчи жолу келишим. Соӊку жылдарда Кыргызстанда жүзөгө ашырылып жаткан жакшы маанайдагы өзгөрүштөр өзбек туугандардын купулуна толгондугун сездим. Алар, күн сайын Кыргызстанда жаӊы объекттер ишке түшүрүлүп жатат, мурда такыр мындай кабар болчу эмес, сиздер эми жаратуучулук жолуна кирдиӊер деп айтышууда. Булардын бардыгы тарыхтын тайкы жолдорунда оор сыноолордо чыӊдалган кыргыз-өзбек достугунун жаӊы доору башталганын даректейт. Элдерибиз бул достукка кылдат мамиле жасап, аны абайлап-асырашыбыз керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Пикир
Оставить комментарий