Кыргыз альпинисттеринин жер шарындагы эң бийик чокуларды багындырганына дүйнө эли суктанууда

Спорт 0

Бишкек, 04.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргыз альпинисттери апрель-май айларында дүйнөдөгү эң бийик чокуларда өлкө туусун желбиретти. Алардын экспедицияларына дүйнө эли суктанып, кычкылтекти колдонбостон 8 миң метр бийиктиктерге чыгышына таңыркоодо.

21-апрелде таңкы саат 7:00дө 5 кишиден турган кыргызстандык команда Гималай тоосундагы эң татаал деп эсептелген 6119 метрлик Лобуче чокусуна чыгышты. Алардын арасында параспортчу, эмгек сиңирген спорт чебери Жалалидин Абдувалиев да бар. Көзү азиз жөө күлүк Евразиядан биринчилерден болуп бийик чокуга жетти.

“Кыргызстандын спортунун жана Евразия чөлкөмүнүн тарыхында жаңы тарых жаралды. Мен Эдуард Кубатов байкенин коштоосунда 21-апрелде таңкы саат 7:15те Гималай тоолорунда жайгашкан деңиз деңгээлинен 6200 метр бийктиктеги Лобуче чокусуна чыккан биринчи көзү азиз альпинист болгонум насип этти. Бул ийгилигимди бүткүл кыргыз элимине жана кыргыз тилинин өнүгүшүнө арнайм”, - деди Жалалидин Абдувалиев.

Ал эми 20-майда кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Гималайдагы Лхоцзе чокусун кычкылтек колдонбостон багындыра алды. Кыргыз туусу желбиреген бул чоку 8516 метр бийиктикте жайгашкан.

"Ушул улуу тоого 20-майда саат 20:00дө ийгиликтүү чыктык. Жеңишимди кыргыз элиме, жериме жана сүйүктүү мамлекетибизге арнаймын! Биз өлкө президентине берген сөздү аткарганга аракет кылып жатабыз. Ошондой эле жеңишимди Париждеги Олимпиада оюндарына камданып жаткан улуттук курама командыбызга арнайм. Элибиз тарыхыбызда биринчи алтын байгени чыдамсыздык менен күтүп жатат. Кыргызстан алга!" – деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейинки рекордду 2012-жылы 7-майда кыргызстандык альпинист Сергей Селиверстов жаратып, Гималайдагы 8201 метр бийиктиктеги Чо-Ойю чокусун багындырган. Бул ирет Эдуард Кубатов андан 315 метрге өйдө көтөрүлүп, өлкө рекордун 8516 метрге жеткирүү менен жаңылады. Кубатов альпинизмге кызыккан кыргызстандыктар бул рекордго жетип, дагы жаңылоого умтулууга аракет кылат деген ойдо.

Бир чокунун артынан кийинкисине жол тарткан Эдуард Кубатов 30-майда 8485 метрлик Макалу чокусуна да кычкылтектин жардамысыз чыкты. Макалу Лхоцзедей эле дүйнөдөгү эң бийик делген беш чокунун бири.

"Бул кыргыздын тарыхында биринчи жолу. Кара-Дөө оор тоо болду, суук, шамал жана бийиктик. Жаратканым жеңишимди берди. Ушул жеңишимди элиме жана жериме арнадым. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүн унутпаңыздар. Дал ушул окуя көз карандысыз Кыргызстандын түптөлүшү менен байланышып турат. Мен президент Садыр Жапаровго берген сөздү аткарганыма кубанычтамын. Анткени мен биздин желекти дүйнөнүн эң бийик чокуларында желбиретүүгө убада бергем. Эми муну ишке ашырдым деп ойлойм", - дейт Кубатов.

Кыргыз экспедициясы Гималай тоосундагы 8163 метр бийиктиктеги Манаслу чокусун эки жыл мурда багындырышкан. Алардын ичинен бул чокуга үч альпинист, анын ичинде Эдуард Кубатов да кычкылтектин жардамысыз чыккан. Андагы ийгиликтүү экспедицияны альпинисттер Кыргызстанга, “Манас” эпосуна жана Баткенге арнашкан эле. Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Манаслуга чыгуу менен Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Guinness World Records расмий сайтында өткөн айда жарыялаган.

«Манаслу чокусуна кошумча кычкылтексиз чыккан эң кары адам 1972-жылы 2-январда туулган кыргызстандык Эдуард Кубатов болгон. Ал буга 2022-жылдын 1-октябрында 50 жаш 273 күндүк курагында жетишкен», - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Эдуард Кубатов менен 11-апрелде жолугушкан. Анда альпинист дүйнөдөгү эң татаал үч - Лхоцзе, Макалу жана К2 чокуларына кычкылтексиз чыгууну пландап жатканын айткан. Садыр Жапаров Эдуард Кубатовго Кыргызстандын желегин тапшырып, чокуларды багындырууда ийгиликтерди каалап, спортту өнүктүрүүнү мамлекет тарабынан колдоого алынарын баса белгилеген эле.

Өлкө туусун колуна алган альпинист болгон күч-аракетин жумшап бийик чокуларда Кыргызстандын желегин желбире алды. Ошондой эле коомдук ишмер Илим Карыпбеков дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверестте кыргыз желегин көтөрдү. Ал жеңишин билимге арнап, экспедицияга колдоо көрсөткөндүгү үчүн президентке ыраазычылыгын айтты. Ал эми ишкер Кадыр Сайдилкандын да Лхоцзе чокусуна болгон сапары ийгиликтүү өтүп, өзү менен кошо “Манас эпосу” китебин ала чыкты. Кадыр Сайдилкан буга дейре Эверестти багындырган. Эверест чокусуна ага чейин 1997-жылы 20-майда Дмитрий Греков, 2021-жылы 23-майда Эдуард Кубатов чыккан болчу.

Дүйнөдө азыр кыргыз альпинисттеринин алдыга койгон максаттарына жетүүдөгү өжөрлүгү, өзгөчө кычкылтекти колдонбой бийик чокуларды багындырышы оозго алынып, чет элдиктер басылмалар суктануу менен жазышууда.

Өлкөнү дүйнөгө таанытып жаткан кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов 6-июнда мекенине кайтып келери, учакка билет алынганы маалым болду. Кыргыз желегин желбиреткен экспедицияны Бишкектен салтанаттуу иш-чара менен тосуп алынары пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий