• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргыз авиациясы кара тизмеден чыгат – Садыр Жапаров

Президент 0


Бишкек, 20.12.24./ Диана Айдарова - Кабар/. Кыргыз авиациясы кара тизмеден чыгат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров III Элдик курултайдын жүрүшүндө билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, азыр Кыргызстандан Европа өлкөлөрүнө үчүнчү өлкөлөр аркылуу учууга туура келүүдө. Себеби Кыргызстан 2007-жылдан бери кара тизмеде турат.

"Биз Париж, Берлин, Чикаго, Куала-Лумпур шаарларына жана башка өлкөлөргө түз аба каттамын киргизүүнү пландаштырып жатабыз. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Республиканын аймактарындагы бардык аэропортторубузду эл аралык стандартка жооп бере турган кылып ишке киргизип алсак, 2025-жылы май айында акыркы текшерүү келет. Мына ошонун жыйынтыгы менен кара тизмеден чыгабыз деп турабыз. Чыккандан кийин жогоруда аталган шаарларга түз учуу мүмкүнчүлүгү пайда болот деп пландап жатабыз", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий