• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек. 22.03.19 /Кабар/. Кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча жаштар арасында (U-23) Азия чемпиону болду. Бул тууралуу United World Wrestling эл аралык уюму билдирет.

Азия биринчилиги кечээ Улан-Батор шаарында башталган. Ал 24-март күнү жыйынтыкталат.

Финалда Жолдошбеков (61 кг) Индиялык Сонба Танажи Гонганени (Sonba Tanaji Gongane) 13:2 эсебинде жеңип алды.

Эске салсак, буга чейин кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшү боюнча төрт алтын, эки күмүш жана үч коло медаль утуп алышкан.

Сардарбек Коңушбаев (55 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Ильяз Ренат уулу (77 кг), Роман Ким (130) алтын медаль утуп, Азия чемпиону болушту.

Эльмар Таланбек уулу (63 кг) жана Калидин Асыкеев (87 кг) - күмүш медалдын ээси болушту.

Ал эми Амантур Исмаилов (67 кг), Бекжан Коңурбаев (72 кг) жана Илгиз Билимов (82 кг) коло медаль жеңип алышты.

Пикир

Оставить комментарий