• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргыз бизнесинин Гонконг фондулук биржасына кириши тууралуу маселе талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Толкунай Таалайбекова Gold Monkey компаниянын негиздөөчүсү Йот Чен Миньшен жана Kunlun Group компаниянын төрагасы Чжоу Бени башында турган кытай делегациясы менен жолугушту.

Соода-өнөр жай палатасынан маалымдашкандай, жолугушууга ошондой эле "Бай Түшүм Банкынын", "Евразиялык сактык банкынын", "Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын" жана "Айыл Банктын" өкүлдөрү катышты. Ошондой эле Мамлекеттик финансылык көзөмөл фондулук биржага кирүүгө кызыкдар.

Анда кыргыз бизнесинин Гонконг фондулук биржасына кирүүсү, КР криптавалюта жөнүндө мыйзам базасы, компаниянын РБК листингине чыгышы жана акыркы жарым жылда виртуалдык биржада 300-350 млрд сом жүгүртүү маселелери талкууланды.

Gold Monkey Кытайдагы төлөм кыйынчылыктарын чечүү тууралуу сунушун киргизди.

Пикир

Оставить комментарий