Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Өзбекстандын Ташкент шаарында “Жибек жолундагы туризм” 29-Ташкент эл аралык туристтик жарманкеси өтүүдө.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, көргөзмөдө кыргыз павильону коюлуп, иш-чарага “Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ААКтын кызматкерлери, 50гө жакын кыргыз туроператорлор жана туристтик бизнес өкүлдөрдү камтыган кыргыз делегациясы катышууда.
Кыргыз павильонуна келген коноктор үчүн Кыргызстандагы эс алуунун ар кандай түрлөрү менен таанышууга, керектүү маалыматтарды алууга жана ар кайсы өлкөлөрдүн тур компанияларынын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Көргөзмө 21-ноябрдан 23-ноябрга чейин созулмакчы.
Пикир
Оставить комментарий