• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргыз экономикасы чоң темп менен өнүгүп жатат – Өмүрбек Текебаев

Экономика 0


Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. Кыргыз экономикасы акыркы жылдары чоң темп менен өнүгүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.

“Кыргыз экономикасы 6-7-8 пайыз менен өнүгүүдө. Бул абдан чоң темп. Европада 1 - 0,5 % артка кеткен учурлар катталууда. Мындай фондо Кыргызстандын 6-8 пайыз менен өнүгүүсү суктанарлык өсүш.

Албетте, мен биздин өкмөттүн өнүгүп жатабыз дегенине ишенбеген адаммын. Булар айта берет, өздөрүн актап атат деп келгем. Бирок, абройлуу эл аралык институттар бул тууралуу айтып жатпайбы. Демек, бул маалымат ынанымдуу, мен дагы ага толугу менен кошулам", - деди элчи.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын июнь айында Кыргызстандын экономикасы 560 млрд сомго чукулдап, 8,1% өскөнү жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий