• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргыз эл акыны, жазуучу Омор Султанов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 03.04.22. /Кабар/. Кыргыз эл акыны, коомдук ишмер, киносценарист, II даражадагы "Манас" орденинин ээси Омор Султанов 3-апрелде 86 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.

Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган.

Омор Султановдун чыгармалары, макалалары 1953-жылдан баштап жарык көрө баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Тоо күндөрү» деген ат менен 1961-жылы жарык көргөн. «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан эк-рандаштырылган «Төкмө», «Жазуучу», «Ак куулар конгон айдың көл» ж.б. даректүү жана көркөм фильмдердин сценарийлерин жазган.

О. Султановдун чыгармалары орус, англис, немец, испан, француз, мон-гол, поляк, украин, венгер, словак, чех ж. б. тилдерге которулган. Ал А.Пушкин, М.Лермонтов, Бартольд Брехт, Пабло Неруда, Габриела Мист-раль, В.Маяковский, Н.Хикмет, К.Кулиев, Р.Гамзатов, И.Драч, Э.Межелайтис ж.б. акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Пикир

Оставить комментарий