Кыргыз Эл артисти жана сүрөтчү Сагынбек Ишенов каза болду

Коом 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 27-июнда КР Эл артисти жана сүрөтчү Сагынбек Ишенов 90 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, кыргыз көркөм сүрөт өнөрүн жана киноискусствосу менен мультипликациясын Сагынбек Ишеновдун ысымысыз элестетүү эч мүмкүн эмес болчу.

Сагынбек Ишенов 1934-жылы 5-апрелде Чүй облусундагы Дөң-Арык айылында төрөлгөн.

1951-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе көркөм сүрөт училищесине тапшырып, 1955-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематографисттер институтунун "көркөм сүрөт" факультетине тапшырып, 1961-жылы "сүрөтчү коючу" адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.

Чыгармачылыгын 1961-жылы "Кыргызфильм" киностудиясына ишке кирип, 1962-жылы кинорежиссёр Мелис Убукеевдин "Тоо суусу" даректүү тасмасында, 1963-жылы режиссёр Марианна Рошальдын "Космонавттар көчөсү", 1965-жылы Бекеш Абдылдаевдин "Тил алчаак", 1966-жылы Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" фильмдеринде сүрөтчү-коючу катары иштөө менен баштаган.

Сагынбек Ишенов көркөм адабияттарды, окуу куралдарын да жасалгалоодо эң мыкты сүрөтчү катары иштеп, балдар адабиятына да салым кошо алды. Бир кезде Союз убагында жарык көргөн көптөгөн китептердин мукабасын жасалгалап, балдардын табитине ылайыктап, мыкты сүрөттөрдү тарткан.

Сагынбек Ишенов кыргыз мультипликациясына да сиңген эмгеги зор. 1976-жылы "Кыргызфильм" киностудиясынын алдында жаңыдан уюшулган "Кыргызмультфильмге" жетекчи болуп дайындалып, алгачкы кыргыз мультфильми болгон "Сандардын чатагы" экранга чыккан. Андан тышкары "Олокон", "Меке чал менен Кара дөө", "Эки бөжөк", "Портрет", "Толубай сынчы", "Толубай сынчы", акын Алыкул Осмоновдун бейнесин ачуу үчүн "Калыптануу. Акын Алыкул Осмонов" аттуу мультипликацияларды чыгарган.

1966-жылы СССР Кинематографисттер Союзуна, 1967-жылы СССР Сүрөтчүлөр Союзуна мүчөлүккө алынган.

1992-жылы бир топ жылдык эмгегим эске алынып, Кыргыз Эл артисти наамы ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий