Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Кыргыз энергетикасынын 90 жылдыгына карата эмгеги менен өзгөчөлөнгөн инсандар сыйланды. Бул тууралуу Энергетика инистрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жыл сайын 22-декабрда өлкөдө Энергетиктер күнү белгиленет. Быйыл Кыргыз энергетикасынын 90 жылдыгы белгиленүүдө. Ага карата Энергетика министрлиги тарабынан атайын иш-чара уюштурулуп, министр Таалайбек Ибраев кесиптештерин куттуктады.
Муну менен катар министр мааракеге карата министрлик менен тыгыз кызматташкан коңшу өлкөдөн келген инсандарга, ар тармактын өкүлдөрүнө, ардагерлерге Энергетика министрлигинин "Каарман", "Энергетика тармагындагы кызматташууга кошкон салымы үчүн", "Кыргыз энергетикасына 90 жыл" төш белгилерин, Алкыш жана Ардак грамотасын ыйгарды.
Мындан тышкары, эмгеги менен өзгөчөлөнгөн энергетиктер министрлер кабинетинин жана Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы, КМШнын "Эмгек сиңирген энергетик" төш белгиси менен сыйланышты.
Пикир
Оставить комментарий