• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

“Кыргыз фармация” аркылуу медициналык жабдуулар арзан алынууда

Ден соолук 0

Бишкек, 29.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. “Кыргыз фармация” аркылуу медициналык жабдуулар арзан алынууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражатка тендер менен 20 рентген аппараты алынмак. “Кыргыз фармация” медициналык жабдууларды түздөн-түз фирмалардан сатып алгандыгына байланыштуу жалпысынан 31 санариптик рентген аппараты келди.

“Тендер боюнча санариптик рентген аппараттарынын ар бири 10 млн сомдон алынмак. Өкмөттөн 20 аппаратка каражат бөлүнгөн. “Кыргыз фармация” азыркы күндө ал каражатка 31 санариптик аппаратты алып берди. Анын он бири кошумча алынды. Жалпысынан 83 млн сом үнөмдөлдү десек болот. Муктаждыгына жараша жаңы санариптик ренгтен аппараттары саламаттык сактоо уюмдарына жеткирилип берилди”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий