Кыргыз футбол биримдигинин бюджети быйыл 10 эсеге өстү – Камчыбек Ташиев

Спорт 0

Бишкек, 06.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргыз футбол биримдигинин бюджети быйыл 10 эсеге өстү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев улуттук кураманын оюнчулар менен жолукканда билдирди.

Анын айтымында, бул каражат эмки жылы дагы көбөйтүлөт.

“Кыргыз футбол биримдигинин бюджети өткөн жылдагыга салыштырмалуу 10 эсеге көбөйдү. Келээрки жылы бюджети мындан да өсөт. Бул бизде футболдун өнүгүүсүнө түрткү берет. Ошондой эле республика боюнча футбол инфраструктуралары жаңыланууда. Бардык стадиондордо футбол ойнолот”, - деди Камчыбек Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий