• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасында унаалардын топтолуусу байкалууда

Аймак 0

Бишкек, 07.06.23 /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Бүгүн, 7-июнь саат 16:00гө карата кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Тилек” жана “Кен-Булуң” өткөрмө бекеттеринде унаалардын топтолуусу байкалууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти

Ведомствонун маалыматына ылайык, “Кең-Булуң” постунун алдында 110го жакын, ал эми "Ак-Тилек" постунун алдында 140ка жакын унаа кезекте турат.

“Жүк ташуучу унаалардын топтолушу Кыргызстандан башка өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоонун сезондук өсүшү менен байланыштуу болууда”, - деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, тез бузулуучу азыктары бар жүк ташуучу унаалар мамлекеттик чек арадан кезексиз өтүп жатат.

Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрүү пункттарында унаалардын топтолуусу катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий