• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» бекетинин ачылышынан фоторепортаж

Өкмөт 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. КР премьер-министри Улукбек Марипов кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Жол-автожол» – «Кордай автожол» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Көзөмөл-өткөрүү пункттарын ачуу аземине ошондой эле Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин да катышты.

Премьер-министр өз сөзүндө белгилегендей, өткөрүү пункттарын реконструкциялоо жана модернизациялоонун негизги максаты кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын кесип өткөн адамдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

«Өлкө жөнүндө алгачкы пикирлер чек арадан башталат. Ошондуктан жаңыдан ачылган өткөрүү пункттары эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берет жана заманбап жабдылган. Паспорттук көзөмөлдөн өткөрүү кабиналарынын саны көбөйтүлгөн, ал чек араны кесип өтүүчү жарандардын убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет. Өткөрүү пункттарынын ачылышы экспорт жана импорттун көлөмүн жогорулатууга, эки өлкөнүн транзиттик потенциалын чыңдоого багытталган стратегиялык милдеттерди чечүүгө карай кадам болуп саналат», - деди премьер-министр Улукбек Марипов.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин эки бир тууган республиканын экономикасы үчүн көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ачылышынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Маалымдама: «Ак-Жол-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктун реконструкциялоо жана модернизациялоо иши 2020-жылы башталган. Долбоордун жалпы сметалык наркы 342,3 млн сомду түзөт.

Реконструкциялоодон соң көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2,5 эсеге жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий