• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму Бишкекте өтөт

Экономика 0

Бишкек, 02.10.18 /Кабар/. Кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму эртең, 3-октябрда Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Ишкерлер кеңешин түзүү Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы, Казакстандын тышкы соода палатасы тарабынан демилгеленип, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөлөрү тарабынан колдоого алынган.

Кеңешти түзүү максаты – соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү.

Ишкерлер кеңешинин отурумунун алкагында кызматташтыкты жөнгө салууга жана өнөктөштөрдү издөөгө кызыкдар кыргыз жана казак компаниялардын катышуусунда бизнес-форум өткөрүлөт.

Форумдун катышуучулары курулуш, экспорттук-кредиттик агенттик, тамак-аштарды өндүрүүчүлөр, автоунаакуруу, медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр сыяктуу экономиканын тармактарын тааныштырышат.

Учурда Казакстан Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп эсептелет. Эки өлкөнүн ортосундагы товардын айлануусу 500 миллион доллардан ашык каражатты түзөт.

КРнын Соода-өнөр жай палатасы жана “KazakhInvest” улуттук компаниясы тарабынан уюштурулган былтыркы жылдын бизнес-форумунун жыйынтыктары боюнча эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда 11 миллион доллардан ашык каражатка келишимдер бекитилген.

Эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын расмий сапарларынын жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы товардын айлануусунун көлөмүн 1 миллиард долларга көбөйтүү тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий