• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргыз-кипр кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 08.07.21./Кабар/. Кечээ, 7-июлда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Кипрдин Россиядагы элчиси Андреас Зинонос менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Кипрдин эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын алкагында актуалдуу маселелер талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен Кипрдин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий