Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак жана Умай-Эне айылдарында ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасын куруу иштеру уланууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул иштер 8 миң 357 тургунду ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылып жатат. Атап айтканда, Кыргыз-Кыштак айылында 5 376, ал эми Умай-Эне айылында 2981 жаран жашайт.
Белгиленгендей, долбоордун алкагында жалпы 45,2 чакырым суу түтүктөрү орнотулат.
Бүгүнкү күндө Кыргыз-Кыштак айылында 31 327 метр (95%) суу түтүктөрүн орнотулуп, 180 даана (91%) суу кудуктарын орнотулду. Ал эми Умай-Эне айылында 31 327 метр (95%) суу түтүктөрүн орнотулуп, 180 даана (91%) суу кудуктарын орнотулду. Учурда резервуарлардын курулушу башталды.
Жумуштар толугу менен 2025-жылдын июнь айына чейин бүткөрүлөрү күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Кыштак жана Умай-Эне айылдарын туруктуу ичүүчү суу менен камсыз кылууда чоң мааниге ээ.
Пикир
Оставить комментарий