• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргыз-кытай чек арасы 29-сентябрдан 7-октябрга чейин жабык болот

Коом 0

Бишкек, 25.09.18 /Кабар/. Кыргызстандын Кытай менен чек арасындагы “Торугарт” жана “Иркештам” өткөрүү пункттары 29-сентябрдан 7-октябрга чейин жабык болот. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек ара 1-октябрь – Кытай Эл Республикасынын негизделишинин майрамдалышына байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен жабылып жатат.

Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 8-октябрда жанданат.

Пикир

Оставить комментарий