Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” менен “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 5-апрелде транспорт каражаттар үчүн жабык болот.
УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен Цинмин фестивалын майрамдоого байланыштуу жабылат.
“Торугарт” менен “Эркечтам” көзөмөл-өркөрүү бекеттери 6-апрелден баштап чек ара аркылуу товарларды жана жүктөрдү өткөрүүнү гана караган алгоритм боюнча ишин жандантат.
Пикир
Оставить комментарий