• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргыз-кытай чек арасы качан ачылат? — Чек ара кызматынын жообу

Коом 0

Бишкек,13.03.20. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасы качан ачыларын Кыргызстандын өкмөтү чечет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара көзөмөлү башкы башкармалыгынын башчысы Нурлан Жалбиев билдирди.

Ал белгилегендей, учурда чек аралардагы көзөмөл бекеттеринде коронавирустун алдын алуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Жалбиевге учурда Кытайда коронавирус боюнча кырдаал жөнгө салына баштады, мындан улам кыргыз-кытай чек арасын ачуу боюнча маселе каралабы? - деген суроо узатылды.

"Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылган. Ал качан ачылары Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан республикалык штабда каралгандан кийин чечилет", - деп жооп берди ал.

Пикир

Оставить комментарий