Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

Коом 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө пункттары убактылуу жабылат.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен Кытайда өтчү “Ажыдаар кемеси” майрамына байланыштуу жабылат.

“Бекеттер 10-июнь күнү убактылуу жабык болот. Транспорт, жүк ташуучу унаалар жана жөө жүргүнчүлөрдү 11-июндан тарта өткөрө баштайт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий