• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат, - деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кытай тараптын демилгеси менен 13-сентябрдан 15-сентябрга дейре "Торугарт унаа жолу", жана "Иркештам унаа жолу" бекеттери жабылат.

"Кытай тарап өлкөдө "Ай майрамы" белгилене тургандыгына байланыштуу аталган чек ара пункттарын жабууну сунуштады", - деп айтылат маалыматта.

Транспорт жана жүк ташуучу унаалар 2019-жылдын 16-сентябрынан тарта өткөрүлө баштайт.

Пикир

Оставить комментарий