Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 30-декабрда саат 03:52де кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында Нарын шаарынан 155 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан.
Калктуу конуштарда жердин силкинүүсү сезилген эмес.
Пикир
Оставить комментарий