• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү бекеттери бир күнгө убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркештам" көзөмөл-өткөрүү бекеттери 2024-жылдын 1-январында убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жыл майрамдаларына байланыштуу жабылат.

Адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 2-январда калыбына келтирилет.

КР УКМК Чек ара кызматы эскертет:

  • "Торугарт-автожол" жана "Иркештам-автожол" өткөрүү жайлары штаттык режимде иш күндөрү – дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин иштебейт;
  • эс алуу күндөрү – ишемби жана жекшемби күндөрү КӨЖнан адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү токтотулат.

Пикир

Оставить комментарий